Акыркы коӊгуроо аземинен шаар мэри Р.Адиев бүтүрүүчүлɵрдү куттуктады

Бүгүн 29-майда, шаарыбыздын бардык орто мектептеринде «Акыркы коӊкуроо» салтанаты белгиленди. Бул күнү  шаар мэри Р.Адиев жана Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин, мектеп менен коштошуу аземине катышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чаранын жүрүшүндɵ мэр окуу жылдын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап,  бүтүрүүчүлɵргɵ ак жол каалады. Ошондой эле окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн мектептин он окуучусу, ар бири,  бир миӊ сом ɵлчɵмүндɵ, мэрдин стипендиясы менен сыйланышты.

Мындан сырткары, салтанатта мектеп директору үстүбүздɵгү окуу жылдын ичинде мектептин жетишкен ийгиликтерине  кенен токтолуп, окуучулардын ар кандай сынактарга барып келүүсүнɵ материалдык жардам кɵрсɵтүп жаткан  Нарын шаарынын мэрине ыраазычылык билдирди.

«Акыркы коӊгуроо» аземи окуучулардын ыр, бийлери менен коштолуп, мектепти 20, 10 жыл мурун бүткɵн бүтүрүүчүлɵрдүн куттуктоолору менен улантылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында быйылкы окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектептерде 11-классты аяктап жаткан окуучулардын саны-357, ал эми 9-классты 602 окуучу аяктоодо. Окуу жылдын жыйынтыгы менен 74 окуучу мэрдин стипендиясына татыктуу болушса, олимпиадада окуучулары алдыӊкы орундарды камсыз кылган 2 мугалимге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий