Ак жол сага бүтүрүүчү!

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук  аянтында “Ак жол сага бүтүрүүчү” аталыштагы иш чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Ага мектепти артыкчылык менен аяктап жаткандар, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, спорт, маданият жана ар тараптуу мелдештерде, сынактарда алдынкы орундарды багындырган окуучулар жана аларды тарбиялап, окуткан мугалимдер чакырылган.

Иш-чараны облус башчысы А.Кайыпов ачып, билим берүү тармагындагы жетишкен ийгиликтерге токтолуп, окуучуларга талыкпай билим берип республикалык олимпиадаларга даярдап, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөргө алдыга койгон максаттарынын ишке ашышын жана каалаган окуу-жайга өтүп кетүүлөрүн каалады.

Ошондой эле Нарын облусунун райондорунан келген мыкты окуучулар жана мугалимдер кызыл килемден өтүшүп, Ѳкмөттүн облустагы өкүлү А.Кайыповдун колунан сыйлоо барактарын жана белектерди алышты.

Иш чаранын жүрүшү театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик программа жана жалпы аянттагы бүтүрүүчүлөр “флеш-моб” бийин көрсөтүштү. Концертте ар бир райондон келген окуучулардын өнөрлөрү тартууланды.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы Нарын шаарынын эки окуучусу кызыл аттестатка ээ болушту.

Добавить комментарий