Ак халатчандардын кесиптик майрамы

Бүгүн, 30-июнда  Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Салтанаттуу иш чара М.Субагожоев атындагы Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында өтүп, ага КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары  Р.Жумаева, облустун бардык райондорунан келген медициналык кызматкерлер катышышты.

Алгач кесип ээлерин облус башчысы А.Кайыпов куттуктап, айрым кызматкерлерди  Ардак грамоталар менен сыйлады.  Нарын шаарынын мэри Р.Адиев медиктердин майрамына карата куттуктоосун жолдоп, “Бүгүнкү күндө шаарыбызда 500гө чукул “ак халатчандар” шаардыктардын саламаттыгын чыңдоого өздөрүнүн барандуу салымын кошуу менен калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн үлгүсүн көрсөтүшүп, элибиздин алкышына арзып жатышкандыгын белгилеп кетким келет. Алардын арасында шаарыбыздын саламаттыкты сактоо тармагынын аброюн, кадыр-баркын бийикке көтөрүп, элибиздин урмат-сыйына ээ болушкан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  дарыгерлери, Саламаттыкты сактоонун мыктылары  жана башка бир катар сыйлыктардын ээлери эмгектенип жатышкандыгы бизди кубандырат. Сиздерге бакыт-таалай, бардык жакшылыктарды, эл үчүн аркалаган ишиңиздердеги ийгиликтерди каалаймын”, — деди ал өз сөзүндө.

Ошондой эле медицина системасында көп жылдык үзүрлүү эмгектери, иштеги жетишкендиктери жана даталуу күндүн урматына карата алдыңкы медкызматкерлерге Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КРѲ караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинин сыйлыктары ыйгарылды. Салтанат театрдын кызматкерлеринин концерти менен коштолду.

Белгилей кетсек, Нарын шаардык мэриясы ак халатчандарга көмөктөшүү максатында, “Депозит” программасы аркылуу Нарын шаарына тартылып келген жаш дарыгерлерге жылына материалдык колдоо көрсөтүп келет. Быйылкы жылы да 9 жаш дарыгерлерге 216 миң сом өлчөмүндө жана кургак учук менен жабыркаган адамдарды ооруканаларга жеткирүүгө, санаториялык дарылоосуна кеткен  чыгымдарга жана башка иш-чаралады уюштуруп, өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий