Алмаз-Нарын радиосу туулган күнүн жылдагыдай жогорку деӊгээлде белгиледи

Кечээ М.Рыскулов атындагы Нарын облустук  музыкалык – академиялык драма театрында “Алмаз” радиосунун туулган күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Туулган күн жылдагыдай чоӊ программадагы концерт менен коштолуп, ага кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчы жылдыздары да келип, жергиликтүү радиону куттуктап, залдагы кɵрүүчүлɵргɵ эсте калаарлык маанай тартуулашты.

Иш-чарага Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова катышып, бул күн 7-май – Радио күнүнɵ жана байланыш кызматкерлеринин майрамына удаа келгендиктен, радиожурналисттерди майрамы менен куттуктап,  жергиликтүү  «Алмаз»  радиосу,  Нарын  шаарындагы   жана  коомдогу,  маданият тармагындагы ар кыл багыттагы маалыматтарды чагылдыруу менен бирге угаармандардын кɵӊүлүнɵ тɵп келген кɵӊүл ачуучу берүүлɵрдү, жыштыгынан үзбɵй жаштардын талабына ылайык келген ар тилдеги музыкаларды берүү менен бирге, шаарыбыздын ар бир тургунуна ачык маанай, кɵӊүлдүү убакыт тартуулап келээри анык, деди.

Ошондой эле вице-мэр туулган күн ээсине-радиого, Нарын шаардык мэриясынын атынан куттуктоо кат  жана чакан белек тапшырып, радионун жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий