АПРЕЛЬ БААТЫРЛАРЫНА АРНАЛЫП ЖАШ КѲЧѲТТѲР ОТУРГУЗУЛДУ.

Бүгүн Апрель Элдик революциясынын шейит болгон баатыр уулдарынын жаркын элесине арналып Нарын шаарынын И. Раззаков чɵлкɵмүндɵгү Ленин кɵчɵсүнүн жээгине «Тянь-Шань» карагайынын кɵчɵттɵрү отургузулду.

Бак тигүү аземине жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү, Апрель Элдик революциясынын баатырлары, мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын мүчɵлɵрү катышып, жакшы тилек менен кол тийгизишти.

Бүгүнкү жашылдандыруу иш чарасында шаардагы парктарга, гүлбакчаларга «Таза Нарын» ишканасынын питомнигинен алынган  4 түрлүү бак-дарактардын 164 түп кɵчɵтү тигилди.

Быйыл шаарды кɵрктɵндүрүү максатында 55 миӊ кɵчɵт отуругузулаары пландалууда.

Шаардагы мекеме-уюмдар айлана-тегерегин жашылдандыруу үчүн «Таза Нарын» ишканасына кайрылып, кɵчɵттɵрдү акысыз алышса болот.

 

Добавить комментарий