«АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН БААТЫРЛАРЫ ЫР СУНАТ»

Бүгүн, 20-апрелде Нарын шаарынын тургундарына жана меймандарына Апрель Элдик революциясынын баатырларынын жана Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлеринин аракети менен даярдалган чоӊ программадагы концерт тартууланды.

Быйылкы «Региондорду ɵнүктүрүү жылына» карата уюштурулуп, мындан ары эл-жерибизде революция болбой, тынччылык, токчулук, эркиндик болуусун тилек кылган ыр майрамда Апрель Элдик революциясынын баатырлары обон созуп ыр ырдап, элди ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка үндɵгɵн сатираларды жана Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлɵрдү аткарып беришти.

Чоӊ даярдык, жандуу үн менен тартууланган концерт кɵрɵрмандардын бүйүрүн кызытып, эстетикалык рахат тартуулады.

Апрель Элдик революциясынын баатырларынын ыр майрамына күбɵ болгон Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Ыйгарым укуктуу ɵкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Роза Жумаева жана башкалар Элдик революциянын баатырлары бүгүн маданий революция жасап, ыр-күү менен элди биримдикке чакырып, катылып жаткан таланттарын тартуулап отурушканына тереӊ ыраазылык билдирип, чыгармачылык ийгилик каалашты.

 

 

Добавить комментарий