Ар жыл сайын бак тигүү байма-бай жүргүзүлɵт

Нарын шаарын жашылдандыруу боюнча бир топ аракеттер кɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Питомниктен 150 карагайдын кɵчɵттɵрү алынып келип, анын 22 си реконструкциядан ɵткɵрүлүп жаткан «Чабандес» скверине тигилсе, калганы шаардык мекеме, ишканаларга шаардын ичине отургузуу максатында берилди.

Мындан сырткары, мекеме, ишканалар жана шаар тургундарынын табыштамаларынын негизинде терек, тал, кара бак, карагат, ɵрүк бактарынын кɵчɵттɵрү да таратылып жатат.

Маалымат үчүн айтсак, ɵткɵн жылы шаар  ичине жалпы 320 даана Тянь-Шань карагайын отургузулса, быйыл бобордук мечиттин айланасына 170 карагай жана Жаӊы Жолдун кире бериш жерине 200 карагайды отургузуп, тигүү пландаштырылууда.

Добавить комментарий