АЯЛДАМАЛАРГА ЖАРНАМАЛАР ИЛИНЕТ

 

Нарын шаарындагы аялдамалар оңдолуп, сырдала баштады.Нарын шаарынын мэри Канболот Тутевдин тапшырмасына ылайык аялдамалар тазаланып, сырдалып жатат.Буга чейин шаар аймагындагы аялдамалар муниципалдык транспорт ишканасына берилип, ондоодон өткөрүп, жарнама берүүчү тараптар менен иш алып баруу тапшырылган.Жүрүп жаткан иш менен таанышып чыккан шаар башчысына учурда жарнама илүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жататкандыгын транспорт ишканасы билдирди.

Добавить комментарий