АЯЛЗАТЫНЫН ЭҢ КЫМБАТ, БААРЫНАН АСЫЛ, ЫЙЫК МИЛДЕТИ – УЛУУ ТАБИГАТ ТАРТУУЛАГАН ЭНЕЛИК МИЛДЕТ

2012-жылдын 23-апрелинде, КР Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилɵɵ жɵнүндɵ» Жарлыкка кол коюуп, ага ылайык май айынын үчүнчү дем алыш күнүн, Энелер Күнү катары белгилɵɵ тууралуу чечим кабыл алынган.

Аталган  майрам аз убакыттан тартып белгилене  баштаганына карабастан, эң жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн катары майрамдалып келет.

Бүгүн 22-майда Нарын шаардык мэриясы бул майрамдын урматына карата Жаштар Ордосунда иш чара өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Майрамга жылдагылардан өзгөчөлөнүп шаардагы  баатыр-энелер чакырылган. Үйдүн куту, турмуштун чыныгы туткасы, адамзаттын эң биринчи тарбиячылары болгон ардактуу энелеребиздин майрамы менен шаар мэри Э.Алымкулов куттуктап, бекем ден соолук, бакубат бактылуу жашоо, жарык маанай, үй-бүлөлөрүнө кут, береке, ырыскы каалап өттү.

Майрамга келген 300 дөн ашык баатыр энелерге шаар мэринин атынан баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары  шаар башчысы Э.Алымкулов, Нарын шаарындагы эң улуу баатыр энелер 93 жаштагы Наалбүбү Жусманбетованы, 94 жаштагы Шарипа Кыдыкбаеваны жана эң жаш баатыр энелер  34 жаштагы Роза Абдиеваны, 33 жаштагы Элмира Баймундузованы “Айкөл Аян” коомдук фондунун “Кылымдын Баатыры Алтын Жылдыз” төш белгилери менен сыйлады.

Майрамдык иш чара чоң программадагы концерт менен коштолду. Белгилей кетсек, Нарын шаарында жети же андан көп балалуу төрөп өстүргөн 350 дөн ашык баатыр энелер бар.

Добавить комментарий