Аялзат — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту

Бүгүн 5-мартта, Нарын шаарынын мэри Р.Адиев 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чара «Жаштар Ордосунда»  ɵткɵрүлүп, ага баатыр энелер, мекеме, ишканалардын кызматкерлери, жетекчи, депутат айымдар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана башка чакырылгандар катышышты.

Майрамды шаар башчысы ачып, асылзаада айымдарды жаздын эң жарык маанайлуу майрамы болгон- Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, «ар дайым жүзүңүздөрдөн жылуу жылмаюу кетпей, жаздагы кызгалдактай кулпуруп жүрɵ беришиӊиздерге,  ойлогон ой — максатыңыздардын ишке ашышына тилектешмин» деген каалоо тилектерин билдирди.

Ошондой эле Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Э.Турсуналиев, Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлчүлүгүнүн аппаратынан Д.Жунусова жана баатыр энелердин атынан куттуктоолор айтылып, майрамдык тилектер жолдонду.

Майрамдык иш чара концерттик программа менен коштолуп, ɵзгɵчɵ кичинекей бɵбɵктɵр тарабынан сунушталган ыр-бийлер  шаӊга шаӊ кошуп, залдагылардын узак кол чабуусуна арзыды.

Белгилей кетсек, иш чаранын соӊунда 300 аялга белектер жана мэрдин куттуктоосу жазылган атайын открыткалар таратылды.

Ал эми белектерди даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 65 миӊ сом акча каражаты жумшалды.

Добавить комментарий