«БААРЫБЫЗГА ДЕН СООЛУК» ИШ ЧАРАСЫ КООМЧУЛУКТУ СЕРГЕК ЖАШООГО ҮНДѲДҮ.

Бүгүн Бүткүл дүйнɵлүк ден соолук күнүнɵ жана Апрель Элдик революциясынын 8 жылдыгына карата Нарын шаарында «Баарыбызга ден соолук» ураанынын алдында массалык иш чара ɵткɵрүлдү.

Анын алкагында Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунун кызматкерлери тарабынан борбордук аянтта шаар калкына акысыз медициналык кароо уюштурулуп, элдин кан басымы, канындагы канттын ɵлчɵмү ченелип, кардиолог, терапевт дарыгерлеринин кеӊештери берилди.

Ошондой эле Үй-бүлɵлүк медицина борбору менен шаардык Дене тарбия жана спорт бɵлүмү тарабынан 20 жаштан 50 жашка чейинки айымдар жана мырзалар арасында массалык чуркоо боюнча жарыш уюштурулду.

Коомчулукту сергек жашоого үндɵɵ максатындагы спорттук иш чарага бардык каалоочулар катышып, ɵздɵрүнүн чуркоо  мүмкүнчүлүктɵрүн сынап кɵрүштү. Айрыкча саламаттыкты сактоо кызматкерлери активдүү катышышты.

Жеӊүүчүлɵргɵ Саламаттыкты сактоо тармагынын облустук кесип бирликтер уюму тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Иш чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова жана башкалар сɵз сүйлɵп, иш чаранын катышуучуларына ыраазылык билдирип, жалпы калкка ден соолук каалашты.

Добавить комментарий