БАЗАРДЫН АЙЛАНАСЫН ИРЭЭТТӨӨ ҮЧҮН СООДАГЕРЛЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ   ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасындагы муниципалдык  жер аянттарында мыйзамсыз соода сатык жасаган жарандаргы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, товарларын жыйноо боюнча эскертүүлөр берилди.

Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри  Давид Курманов , шаардык мунципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасынын башчысы Эмилбек Чымылдаков баштаган комиссия базар аймагындагы мыйзамсыз соода сатык кылып, жолду тартыткан соодагерлеге бүгүн эскертүү беришти.

Мындай башаламан жайгашып соода жасоону эскертүүгө караба уланткан тараптаптардын соода текчелери эртең жыйналып алынаарын айтышып, мыйзамга баш ийүү жана коомдук тартипти сактоо менен  ишкердик кылууга чакырышты.

 

 

Добавить комментарий