Бүгүн, 17-сентябрь күнү Нарын шаарынын туулган күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган иш-чара Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында өтүп, маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолду.
Алгач майрамдык иш чараны Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачып, шаар тургундарын, жалпы теңиртоолуктарды Нарын шаарынын туулган күнү, негизделишинин 148 жылдыгы менен куттуктап, тɵрт тарабынан тоолор менен курчалган, Улуу Жибек жолундагы чакан Нарын шаарынын 1939-жылдан берки тарыхына токтолуп, бул жылдар аралыгында замандын шарттарына жана талаптарына ылайык, калктын жашоо шартын жакшырышына, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгɵ, шаардын социалдык – экономикалык ɵнүгүшүнɵ аракеттер кɵрүлүп, тийиштүү салымдар кошулуп, Нарын шаарынын азыркы келбети жаралып тургандыгын белгиледи.
Ошондой эле куттуктоо сөздөрүн КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Турсуналиев сүйлөшүп, борбор калаабыздын өнүгүп-өсүп, өркүндөй беришине тилектештигин билдиришти.
Андан кийин спорттун аралыкка чуркоо, аркан тартыш, кол күрөш жана чоюн көтөрүү түрлөрү боюнча мелдештер өтүп, ага бардык каалоочулар катыша алышты. Жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.
“Тоо койнундагы шаар” темасында сүрөт көргөзмөгө Нарын шаары жөнүндө тартылган сүрөттөр коюулуп, “Менин сүйүктүү шаарым” аталыштагы асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, атайын комиссия тарабынан мыкты деп тандалган сүрөттөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык иш чара концерттик программа менен улантылды.