БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК БАЛДАР БАКЧАСЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ ЧАРА ӨТТҮ

Нарын шаарындагы №15 “ Бактылуу балдар” бакчасында майрамдык иш чара өтүп, ага Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов катышты.Майрамдык иш чарада бакча тарбиялануучулары кыргыз тилин дактаган ырларды аткарышып, Кыргыз тилине арналган улуу акын-жазуучуларыбыздын калемине таандык чыгармаларды көркөм окуп, чакан концерт коюп беришти.Иш чарада вице-мэр Н. Жумкадырова Кыргыз тилинин бала бакчадагы оордуна токтолуп, балдарга улуттук баалуулуктарды бакчадан тартып үйрөтүунүн зарылчылыгын белгиледи. НравитсяКомментировать

Добавить комментарий