«Бак таалайдын жарчысы, баарынан кымбат эне тил»

Бүгүн, 23-сентябрда КР  мамлекеттик тил күнү шаардык деӊгээлде Нарын шаарындагы маданият үйүндө белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Мамлекеттик майрамга арналган иш чара «Бак таалайдын жарчысы, баарынан кымбат эне тил» ураанын камтып, кылымдар бою сакталып келген кыргыз тилинин улуулугун, тарыхын, бийиктигин даӊазалоо максатын чагылдырды.

КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов куттуктоо сөз сүйлөп, өз тилибизди унутта калтырбай сактап жүрөлү деген ой-тилектерин билдирди. Ал эми Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри А.Суранов катышуучуларды мамлекеттик майрам менен куттуктап, эне тилибиз эне сүтүбүздɵй таза, ширин болушуна, ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары кɵɵнɵрбɵй кɵкɵлɵп, кылымдарды бойлой беришине, улуттук байлыгыбыздын келечеги кең болушуна тилектештигин айтып өттү.

Иш чаранын журүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук тил боюнча комиссиясынын өкүлү Альфира Супатаева куттуктоосун айтып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон бир катар атуулдарга Улуттук тил боюнча комиссиясынын төш белгисин жана Ардак грамотасын тапшырды.

Майрам М.Рыскулов атындагы облустук мамлекеттик академиялык драма театрынын жана шаардык маданият үйүнүн артисттеринин, Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинин, шаардын орто мектептеринин окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.

Бүгүн тил күнүнɵ карата иш-чаралар шаарыбыздагы бала бакчалардан тартып, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде да өткөрүлүүдɵ.

img_9557 img_9559 img_9561 img_9565 img_9582 img_9589 img_9594 img_9596 img_9601 img_9605 img_9618

Добавить комментарий