БАЛА БАКЧАЛАРДА БАЛДАР КАНДАЙ ТАМАКТАНАТ?

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы бала бакчаларда «Балдардын туура тамактануусун уюштуруу» боюнча семинарлар ɵткɵрүлүүдɵ.

Иш чаранын максаты балдарга берилип жаткан тамактын сапаты, ар түрдүүлүгү, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен жана ата-энелерден каржыланып жаткан акча каражатынын жетиштүүлүгү боюнча маалымат берүү болду.

Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов билдиргендей, былтыркы жылы бала бакчалар арасында бирдиктүү тамак-аш тизмеги түзүлгɵн. Ага ылайык, шаардагы бардык бала бакчаларда бирдей тамак берүү колго алынган. Бүгүнкү күндɵ бакчага барган бир бала күнүнɵ 48 сомдун тамак-ашын ичет. «Талапка ылайык балдар күнүнɵ 70-80 сомдун азыгын ичиши керек. Бирок нормадан аз болсо да колориялуу тамак-аш бергенге аракет кылып атабыз»,-дейт К. Мамбетов.

15-февралда мындай иш чаралардын бири №18-«Ак Дил» балдар бакчасында ɵткɵрүлүп, Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери, Нарын шаардык Кеӊешинин депутаттары жана ата-энелер балдарга кандай тамак-аш берилип жатканына күбɵ болушту.

Бул бакчада балдар эртеӊ менен быштак, чай, май, булочка, түштɵ биринчи, экинчиси менен тамак, салат, кургатылган жемиштерден кайнатылган компот, түштɵн кийин ботко, таттууларды, мɵмɵ-жемиштерди жешет. Тамак-аш даярдоодо колориясына, витаминдүүлүгүнɵ, ар түрдүүлүгүнɵ ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурулат. Мисалы беш күнү беш башка азыктардан ботко жасалат. Ашпозчулардын чыгармачылыгына жараша ар күнү самсы, оромо, вареники сыяктуу ар башка даамдар берилет. Азык-түлүк тендер аркылуу алынат.

Иш чарага катышкан ата-энелер, жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү тамак-аштын ар түрдүүлүгүнɵ жакшы баасын беришти. Ошондой болсо да нормадагы тамак-аш менен камсыз кылуу зарылдыгын, бул үчүн жергиликтүү бюджетке сунуш киргизуу маселесин кɵтɵрүштү.

Добавить комментарий