БАЛА БАКЧАЛАР АЧЫЛАТ

Нарын шаарындагы бала бакчалар эртең, 1-апрелден тарта толук кандуу ачылып, мектепке чейинки билим-тарбия берүү башталат. Бул тууралуу Нарын шаардык эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясы  чечим  чыгарды.

Буга чейин бала бакчаларда  азык түлүк алуу, жылуулугун текшерүү жана жуучу, жугушсуздандыруучу, коргонуу каражаттары менен  камсыздоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн атайын комиссия шаарыбыздагы бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгы текшерилди.

Бала бакчаларда санитардык нормаларды аткаруу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетовго жана бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилди.

Бала бакчалар бир жыл мурда covid-19 жугуштуу илдетинен улам  карантинге жабылган.

 

 

Добавить комментарий