БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА…

Кыргыз Респуликасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн 2019-жылдын 10-январындагы «Жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту алдын алуу боюнча аракеттенүүлɵрдү күчɵтүү жана иштерди координациялоо жɵнүндɵгү» №02-б буйругунун негизинде Нарын шаарында атайын буйрук менен иш чаралардын планы бекитилип, штаб түзүлүп, күчɵтүлгɵн тартипте иш алып барылууда.

Бул боюнча шаардагы ата-энесинин камкордугусуз жана кɵзɵмɵлсүз калган балдарды, анын ичинен ички жана тышкы мигранттардын балдарын тактоо максатында атайын жумушчу топтор түзүлүп, үймɵ-үй кыдырып маалымат алуу жумуштары жүрүп жатат.

Кабыл алынган иш чарага ылайык, ата-энесиз тарбияланып жаткан балдарга карата бирдиктүү маалымат базасын түзүү; базага кирген үй-бүлɵлɵргɵ укуктук жардамдарды кɵрсɵтүү; билим берүү, ички иштер, саламаттыкты сактоо мекемелеринде балдар арасындагы зордук-зомбулукту аныктоо максатындагы ырааттуу иштерди уюштуруу; Нарын шаардык муниципалдык башкармалыгында «111» ишеним телефону жана тиешелүү кызматтар менен байланышуу боюнча маалыматтарды коомчулукка жайылтуу; маданият жана спорт мекемелеринде элди балдарга ырайымсыз мамиле кылууга каршы үгүттɵɵ максатындагы иштер жүргүзүлүүдɵ.

Үймɵ-үй кыдырып социалдык маалымат топтоо иштери үстүбүздɵгү жылдын 1-февралына чейин улантылмакчы. Бул иш-аракетти шаарыбыздын тургундары туура кабыл алып, балдар арасындагы зордук-зомбулукту алдын алууга кɵмɵктɵшɵт деген ишеничтебиз.

Добавить комментарий