«…БАЛДАРДЫ КОРГОО» ЖЫЛЫНА КАРАТА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР УЛАНУУДА

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында мектеп окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучулар менен жолугушуулар уланууда…

Бүгүн, 11-мартта Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова баш болгон, Нарын шаарынын прокурору М.К.Акматалиев, Нарын шаардык сотунун төрайымы Н.Сейдакмат кызы, Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы В.К.Өмүралиева, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетов, ж.б. тиешелүү-мекеменин кызматкерлери шаарыбыздагы №9 А.Сыдыков атындагы орто мектептин жана №2 В.Чкалов атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушту.

Негизинен жолугушууга 9-10-11-класстын окуучулары катышып, алар кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча кенен маалымат алышты.

Эске салсак, буга чейин шаарыбыздагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы, №5 К.Жакыпов атындагы, №1 Токтогул атындагы жана №4 Э.Ибраев атындагы мектептердин окуучулары менен жолугушуулар болуп өткөн. Ал эми эртең, 12-мартта №7 М.Сыдыков атындагы жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы мектептин окуучулары менен жолугушуулар уланат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий