Балдар бакчасынын жаңы имараты 2016-жылдын сентябрь айында ишке бериле тургандыгы пландалып жатат, — мэр Р.Адиев

Нарын шаарында 50 орундуу балдар бакчасынын жаӊы имараты курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаардын РТС аймагында «Ак-Дил» балдар бакчасы 135 мектепке чейинки курактагы балдарды кабыл алып иш алып барып келет. Жакында иштеп жаткан балдар бакчасынын жанына жаӊы 50 орундуу корпустун курулуш иштери башталуу алдында турат. Курулуш иштерин тендерден уткан Бишкек шаарынын «Аргын» ЖЧКсы ишке ашырат.

Бүгүн 7-декабрда жаӊы балдар бакчасынын курулушуна капсула салуу аземи ɵтүп, ага Ѳкмɵттүн облустагы  ɵкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, КСДП партиясынын  Нарын облусундагы координатору Э.Алымкулов, «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын ɵнүгүүсүн колдоо» программасынын (Ага Хан Фондусунун демилгеси) Нарындагы филиалынын директору М.Бердибеков, балдар бакчанын жалпы жамааты, ата-энелер жана шаар тургундары катышышты.

Шаарда 40 жылдан бери балдар бакча курула электигин мэр Р.Адиев айтып, салына турган балдар бакчасы бардык шартка жооп бере турганын белгиледи.

Жалпы кетчү чыгымдардын наркы 7 млн. сом акча каражатын түзɵт, анын 4 млн 500 миӊ сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ал эми 2 млн 500 миӊ сому Ага Хан Фондусу (“MSDSPKG” программасы) тарабынан каржыланууда.

Маалымат үчүн айтсак, Нарын шаарында алты балдар бакчасына 1959 мектепке чейинки жаштагы балдар барып тарбия алып келет.

Добавить комментарий