«БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ, ҮМҮТҮБҮЗ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИБИЗ».

Бүгүн, Нарын шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү жогорку майрамдык маанайда белгиленди.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан «Алма бак», «Смарт» жана Р. Ѳмүрзакова атындагы парктарда бɵбɵктɵр үчүн чоӊ программадагы майрамдык оюн-зоок уюштурулду.

Салтанаттуу иш чарага шаардагы бала бакчаларда жана мектептерде тарбияланып жаткан жаш жеткинчектер катышып,  ɵнɵрлɵрүн тартуулашты.

Майрам ээлери үчүн бардык парктарда жана гүлбактарда аттракциондор иштеп, бɵбɵктɵр асфальтта жана үйлɵп сүрɵт тартуу сынактарына катышып, кызыктуу белектерге ээ болушту.

«Алма бак» паркындагы майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бɵбɵктɵргɵ куттук арнап, бул майрам наристелердин жан дүйнɵсүндɵй аруу, мааниси тереӊ жана түбɵлүктүү майрамдардын бири экендигин, себеби бɵбɵктɵр бардык мезгилде, дүйнɵнүн бардык жеринде коргоого жана кɵӊүл бурууга муктаждыгын белгиледи.

Ошондой эле бул күндүн тарыхына токтолуп: «Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы Францияда Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими аркылуу уюшулуп, Бириккен улуттар уюмунун атайын сессиясында кабыл алынган. Анткени экинчи дүйнɵлүк согуштан кийинки ачкачылык жылдарында кɵптɵгɵн балдар кароосуз жана жетим калышкан. Аларды ар кандай жугуштуу оорулардан, балдар арасындагы кылмыштуулуктан жана башка жагымсыз жагдайлардан коргоо үчүн ушул күн атайын белгиленип, дүйнɵ жүзүндɵ 1950-жылдан бери майрамдалып келет.

«Балдарга салынган инвестиция-келечекке салынган инвестиция» деп айтылгандай, бүгүн балдарыбызга кандай кам  кɵрсɵк, кандай билим-тарбия берсек келечекте ошонун жемишин алаарыбыз шексиз.

Тилекке каршы, коомубузда балалыктын бактылуу учурун ɵз деӊгээлинде ɵткɵрɵ албай, турмуштун оор жагдайына кабылган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, тагдырдын жеӊил эмес  сыноосун кɵтɵрүп жүргɵн балдарыбыз да аз эмес. Биз аларды бардык жагынан камкордукка алууга, күн сайын кɵӊүл бурууга милдеттүүбүз»,-деп билдирди.

Муну менен катар келечек ээлерине жакшы тилектерди арнап: «Балдар биздин бактыбыз, үмүтүбүз жана келечегибиз. Алар жер жүзүнүн жандуу гүлдɵрү. Андыктан ар бир үйдɵ бɵбɵктɵрдүн бактылуу күлкүсү жаӊырып, жыпар жыты тɵгүлүп, кирсиз кɵздɵрү жан дүйнɵбүздү тазалап, кубанычка, сүйүүгɵ ширелишкен бакубат жашоо ɵкүм сүрсүн!  Асманыбыз ар дайым ачык болсун!»,-деген тилегин жолдоду.

Парктарда ɵткɵрүлгɵн оюн-зоок иш чараларына барып бɵбɵктɵрдү куттуктаган Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов Ѳкмɵт тарабынан балдарга кɵрүлүп жаткан камкордуктарга токтолуу менен жаш жеткинчектерибизге бактылуу балалык, кенен келечек каалады.

Балдардын майрамдык иш чарасында шаардык Кеӊештин бир катар депутаттары бɵбɵктɵргɵ жакшы тилектерин арнашты.

Бул күнү бɵбɵктɵргɵ Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, шаардык Кеӊештин депутаттарынын, «Акун» фирмасынын таттуулары жана белектери тартууланды.

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен майрамдык иш чараны ɵткɵрүүгɵ 50 миӊ сом жумшалды. Анын ичинен 22 миӊ сомуна шаардагы 44 томолой жетим балдарга белек берилди. Ошондой эле майрамга катышкан балдар үчүн акысыз балмуздактар, оюнчуктар таратылды.

Майрамдык оюн-зоокко Нарын шаарынан гана эмес жакынкы райондордон да бɵбɵктɵр келип күбɵ болушту.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий