Балдар ойноочу аянтчалар шаардын бир нече аймагына курулат, — шаар мэри Р.Адиев

Бүгүн, 29-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын шаарынын Москва аймагындагы Баласагын көчөсүндө жашаган балдар үчүн ойной турган аянтча курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы  Элиза Качкымбаева билдирет.

Балдар ойноочу аянтчанын ачылышына шаар мэри Р.Адиев, Нарын облустук, райондук-шаардык эмгек миграция жана жаштар бɵлүмүнүн ɵкүлдɵрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана ошол аймактын жашоочулары катышышты.

Балдардын коопсуз, ыӊгайлуу жерлерде ойноосуна шарт түзүп берүү, алардын жашоосуна кам кɵрүү жана жашоочулардын сунуштарын канааттандыруу максатында, балдарга арналган ойноочу аянтчалар  шаардын дагы бир нече аймактарына курулаарын, ишке берилип жаткан балдар аянтчасы кичинекейлердин убактысын пайдалуу ɵткɵргɵн жайга айланаарына жана узак убакытка чейин кызмат ɵтɵɵсүнɵ тилектештигин билдирди.

Белгилей кетсек, аянтчаны куруу үчүн жалпысынан 81 миң 133 сом акча каражаты жумшалды. Анын 35  миң сому Нарын шаардык мэриясы тарабынан тарабынан, Нарын райондук-шаардык эмгек миграция жана жаштар бɵлүмү 26 миӊ 133 сом, ал эми 20 миң сом акча каражаты жашоочулардын ɵз эсебинен каржыланды, ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууда он жумушсуз жаран убактылуу иш менен камсыз болушту.

Добавить комментарий