«БАЛДАР ОЮНДАРЫНЫН КЕРБЕНИНЕ» КҮБѲ БОЛУӉУЗДАР!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!!! 10-июнь күнү Нарын шаарында III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарынын алкагында уюштурулган «Балдар оюндарынын кербени» аттуу маданий иш чара ɵткɵрүлмɵкчү.

Иш чара саат 10.00до борбордук аянтта башталат.

Маданий иш чарада 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары тартууланат. Балдарыӊыздар менен келип катышып, кɵӊүл ачып кетиӊиздер!!!

Долбоор жаш жеткинчектердин улуттук аӊ-сезимдеринин калыптануусун, улуттук оюндарга болгон кызыгуусун арттыруу максатын кɵздɵйт.

«Балдар оюндарынын кербени» үстүбүздɵгү жылдын 5-июнунан 30-июнуна чейин ɵлкɵбүздүн бардык аймактарын кыдырып чыкмакчы.

Добавить комментарий