БАЛДАР ҮЧҮН ЖАЙКЫ ЛАГЕР УЮШТУРУЛДУ

Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбаков атындагы китепкананын базасында балдар үчүн жайкы лагер уюштурулуп, ачылыш аземи болду.  Бул лагер 1-июнь балдарды коргоо күнүнөн тартып өспүрүмдөрдү кабыл алып, күнүгө эртең мененки саат 10 дон түшкү саат 15:00го чейин иш алып барат.

Жайкы каникулга тараган өспүрүмдөр үчүн убактыларын пайдалуу өткөрүүгө арналган лагерде балдар иш күндөрү келип китеп окуп, ойноп эс алып кетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.  Бул үчүн китепкананын бакчасына боз үй тигилип, ичине балдар адабияттары жайгаштырылып, тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ар жуманын  3 күнүндө китепкананын балдар бөлүмү ар кандай окуу, мастер класстарды өтүп турушса калган 2 күн Америка борборунун тил  үйрөтүү сабагына катыша алышат.

Жайкы китеп окуу лагеринин ачылыш салтанатында талантту окуучулар концерттик номерлерди аткарышып, масетр класстар уюштурулду.

Иш чаранын алкагында буга чейин жарыяланган «Ата Журт» темасындагы сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 

Добавить комментарий