БАТЫШ ЧӨЛКӨМҮНӨ БАЛДАР ОЙНООЧУ ЖАЙ УЮШТУРУЛАТ

Нарын шаарынын №5 Батыш чөлкөмүнүн жашоочулары аймактагы таштанды чогултуучу жайды эс алуу жай катары уюштуруп алуу сунушу  менен кайрылышты.

Жергиликтүү жашоочулар менен Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Нурлан Кайыпов, Таза-Нарын ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов жолугуп калктуу конуштагы  таштанды төгүү жайын ирээтке келтирип, жашылдандырып, жергиликтүү тургундар жана балдар үчүн  чакан эс алуу жайы катары  уюштурууну талкуулашты.

Балдар оюн аянтчасын Нарын шаардык мэриясы жана жеке ишкер Азамат Мамбеткул уулунун биргелешкен аракетинин негизинде ишке ашыруу  пландалууда.  Учурда таштанды төгүүчү жайды тазалап, ирээтке келтирүү иштери жүрүүдө.

 

 

Добавить комментарий