БАШТАЛАТ БААРЫ МАЙДАДАН, БАЙКАБАЙТ АНЫ МАЙДА АДАМ…

БАШТАЛАТ БААРЫ МАЙДАДАН,
БАЙКАБАЙТ АНЫ МАЙДА АДАМ…

Бүгүн, 16-январда Нарын шаарынын активдүү жаштарынан түзүлгөн «Шааркана» менен Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров таштандыларды бөлүү, эң көйгөйлүү болгон желим буюмдардан арылуу жана алардан ар кандай буюмдарды жасоо тууралуу талкуу болуп өттү.

Алгач “Шааркана” деген сөзгө түшүндүрмө берип өтсөк. Шааркана бул- шаарда болуп жаткан маселелерди талкуулоо; Шаардык активистер менен муниципалитет кызматкерлеринин ортосундагы диалог кура турчу жер ; Эксперттер жана адистер менен чогу бир натыйжага келүү;

Мына ушундай демилгелүү жаштар ай сайын жолугуп, шаарыбыздагы ар кандай маселелерди талкуулап, аны чечүү жолун издешет.

Адаттагыдай талкуу бүгүн да орун алды. Ага, шаар мэри Нурбек Молдокадыров менен «Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын башчысы Алмаз Суранов, арын шаардык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын башчысы Нарынбек Өмүракунов, «KulturCafé»нин жамааты, Бизнес Ассоциация JIA Нарын өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору Рахат Асанов, «Биздин тилек» кайрымдуулук фондунун башчысы Талант Замирбеков ж.б. активдүү жетекчилер, китепкана кызматкерлери, мектеп мугалимдери, шаар тургундары, студенттер жана окуучулар катышты.

Талкууда өйдөдө айтылып өткөн маселе боюнча бир катар ойлор айтылды. Алар, калкка ЖМК өкүлдөрү аркылуу тынбай маалымат берүү, таштандыга болгон налогду көтөрүү, шаар тургундарына кагаз буюмдарды колдонууга чакыруу, мектептерде желим буюмдарга урналарды орнотуу, ушул жаатта ар кандай тренингдерди өткөрүү, Нарын шаарындагы чоң соода борборлоруна экобаштыктарды колдонууну сунуштоо, эл көп жайгашкан аймактарга (базар ичине) таштандыларды бөлүп салуучу урналарды жасоону тапшыруу, мектептерде урналарды орнотуу жана бала-бакчалардагы бөбөктөр үчүн таштандыларды бөлүү боюнча мултьфилимдерди тартуу сыяктуу сунуштар айтылды.

Талкуунун соңунда шаар башчысы Нурбек Молдокадыров жаштардын бул жасап жаткан иштерин алкоого алып, толук колдоорун билдирди. Шаар бийлиги тарабынан берилүүчү ар кандай жардамдарды берерин айтып, кийинки талкууну өткөрүү үчүн 21-январда Нарын шаарык мэриясынын имаратына келүүнү сунуштады.

Нарын шаарык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий