«БИЗ БИРГЕБИЗ» ИШ ЧАРАСЫ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН КѲМҮСКѲДѲГҮ ТАЛАНТЫН АЧЫП БЕРДИ.

Бүгүн, 3-декабрда Эл аралык майыптар күнүнɵ карата Нарын шаарында «Биз биргебиз» аталышындагы майрамдык маданий иш чара ɵткɵрүлдү.

Арабыздагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу, алардын жан дүйнɵсүн, талант-дараметин ачып берүү жана аларга ар тараптуу колдоо кɵрсɵтүү максатындагы бул иш чара Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн жана Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен уюштурулду.

М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын сахнасында алгач тагдырдын оор сыноосуна кабылып, мүмкүнчүлүгү чектелип турган адамдардын күнүмдүк турмушунан алынган кɵрүнүш сахналаштырылып кɵрсɵтүлдү.

Ошондой эле маӊдайына жазылган оор сыноого карабай алты саны адамдардан калышпай коомго үлүш кошуп жаткан адамдар тууралуу слайд тартууланды.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Семетей Черикбаев майрам ээлерине каалоо-тилектерин арнап, майыптар менен иштешип жаткан коомдук уюмдардын ɵкүлдɵрүнɵ Ардак грамоталарын, Ыраазылык каттарын тапшырышты.

Мындан соӊ ден соолугунан жабыркап турса да жан дүйнɵсүндɵ ɵнɵрдү аздектеген талант ышкыбоздору менен Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлеринин концерти тартууланды.

Концерттин соӊунда ɵнɵр ышкыбоздоруна Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн жана Нарын шаардык мэриясынын баалуу сыйлыктары ыйгарылды.

Добавить комментарий