БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ МЕКТЕП КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН БИРГЕ ЫР КЕСЕСИН ӨТКӨРДҮ

“2022-жыл — тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылына карата Нарын шаарында «Тоолордо менин жүрөгүм, толкунда улук өнөрүм!” аттуу ыр кесе кезегин алган Нарын шаардык билим берүү бөлүмү мектеп жамааттары менен ыр майрамын өткөрүштү.Маданий иш чарага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган мекеме-ишкана жетекчилери жергиликтүү жашоочулар катышышып, Нарын облустук академиялык музыкалык драм театрында зал толтура көрүүчү болду.Ыр кесе мектеп директорлорунун саламдашуусу менен башталып, Манастын төрөлүшүн сахналаштырып көрсөтүшүп, өз чыгармачыл өнөрлөрүн тартуулашты.Калыстар тобу ар бир аткарууларга өз бааларын беришип, жыйынтыгында мектеп жамааттарынын ыр кесеси 856 балл топтошту.Ыр кесесинен түшкөн каражаттын эсебинен жеңүүчүлөр үчүн сыйлык фонду каралып, калган каражат Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалаарын Нарын шаарынын мэри К. Тутуев маалымдады.Шаардык деңгээлдеги ыр майрам кыргыз маданий мурастарын баалоо менен сакталышын жана бийиктигин даңазалоо, көркөм тил аркылуу салттуулукту сактоо жана жайылтуу, эне тилибизди өркүндөтүү максатын көздөйт.

Добавить комментарий