Билим сапатын кɵтɵрүүдɵ кадр маселеси негизги орунда.

Бул боюнча 18-аянварда Нарын шаарындагы билим берүү тармагынын отчеттук жыйынында кеӊири сɵз болду.

Иш чарада Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетов тарабынан тармактагы жетишкендиктер жана кɵйгɵйлɵр тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, учурда шаардагы 8 мектепте даярдоо класстарын кошкондо 8397 окуучу билим алууда. Быйыл жалпы мониторингдин жыйынтыгы менен билим сапаты 51,6 пайызды түзгɵн. Ал эми ɵткɵн окуу жылында бул кɵрсɵткүч 49,9 пайыз болгон. Анализ далилдегендей, балдардын жарымынан кɵбү 4-5ке окушат. Бирок, респубикалык. облустук олимпиадаларга 38 гана окуучу катышып, 18и байгелүү орундарга ээ болушкан. Ошондуктан «Билим сапаты реалдуубу?» деген суроонун тегерегинде талкуу жүрдү.

Нарын шаарынын мэри Э. Алымкулов бул жерде кадр маселеси негизги орунда турганын, мугалимдерди жумушка алууда билим сапатына кɵӊүл буруу зарылдыгын, ошондой эле мугалимдерди кызыктыруучу ыкмаларды киргизүү керектигин белгиледи. Мындан сырткары шаар жетекчилиги тарабынан билим      сапатын бала бакчалардан баштап колго алуу, балдар бакчаларындагы коррупциялык кɵрүнүштɵргɵ жол бербɵɵ үчүн  кезекте турган балдардын электрондук тизмесин тез арада түзүү милдеттери коюлду.

Билим берүү мекемелеринин чарбалык-техникалык маселелери боюнча да бир катар кɵйгɵлɵр ортого салынды.

Жыйындын соӊунда билим берүү мекемелеринин алдыӊкыларына шаардык билим берүү бɵлүмүнүн Ыраазылык каттары тапшырылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

Добавить комментарий