Биометрикалык маалыматтарды топтоо уланууда

2014-жылдын 12-февралына карата Нарын шаары боюнча 15 миң 650 шаар тургундары биометриялык каттоодон өтүштү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы билдирет.

Нарын шаарынын аймагында 11 биометриялык маалыматтарды топтоо пункттары калктын бирдиктүү базасын түзүү боюнча иш алып барышууда.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттары тɵмɵндɵгү даректер боюнча жайгашкан:

  1. Борбордук байланыш бɵлүмү;
  2. № 4 кварталдык комитети;
  3. Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармасы;
  4. №1 кварталдык комитети;
  5. № 10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектеби;
  6. Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүнүн короосундагы Нарын аймактык  паспорттук-визалык каттоо иштери боюнча бɵлүмү;
  7. Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин окуу корпусу (Ак-Коргон аймагы);
  8. № 9 Садыков атындагы орто мектеби;
  9. Нарын облустук үй-бүлɵлүк медициналык борбору;
  10. «Чолпон» соода борбору;
  11.   Москва аймагындагы «Сайкал» дүкɵнү.

 

Добавить комментарий