БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ С. БЕКМАМБЕТОВ АТЫНДАГЫ СПОРТ МЕКТЕБИНЕ  СПОРТ ИНВЕНТАРЛАРЫН БЕЛЕК КЫЛДЫ

Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университети  Нарын шаары менен спорт тармагында да кызматташып келет. Бул жолу Сүйүнбек  Бекмамбетов  атындагы Нарын шаардык олимпиадалык  резервиндеги балдар өспүрүмдөр спорт мектебине спорт шаймандарын алып берип, жалпы 260 миң сомдук колдоо көрсөттү.

Ошондой эле  Нарын облустук дене тарбия, жаштар жана спорт иштери башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Э. Арабаев менен Борбордук Азия университетинин ректору  С. Накви  спорт тармагында тыгыш кызматташуу максатында  атайын меморандумга кол коюшту.

“Биз үчүн Нарын жергесиндеги спорттко салым кошуу сыймык. Бул спорт мектептен тарбияланган балдар-кыздар эл аралык мелдештерде  ийгиликтерди жаратат деп ойлом”-деди ректор С. Накви

Мектепте 15 машыктыруучу эмгектенип,спорттун оор атлетика,эркин күрөш,таэквондо түрлөрү менен уландарды жана кыздарды даярдап, спорттук мелдештерге катыштырып келет. Буга чейин түрткү берүүчү гранттын жана Нарын шаарынын бюджетинин каржылоосунда капиталдык оңдоодон өткөн.

 

 

 

Добавить комментарий