Борбордук Азия Университети 2016-жылы биринчи студенттерди кабыл ала баштайт

Бүгүн, 23-октябрда Нарын шаарынын батыш тарабынан бɵлүнүп берилген 252 гектар жер аянтында,  2012-жылы курулушу башталып бүгүнкү күнгɵ чейин жүрүп жаткан, Ага Хан фондусунун Борбордук Азия Университинин курулуш жумуштары менен шаар мэри Р.Адиев баштаган топ жеринде таанышып келишти.

Анда БАУнин кызматкери Усубалиев Чынгыз менен буга чейинки курулуш аянтын даярдоого багытталган: тилкелерди пландоо, суу жээктерин бекитүү, суу түтүктɵрүн жаткыруу, жашыл тосмолорду тургузуу, ɵсүмдүктɵрдүн питомнигин уюштуруу жана кɵчɵттɵрдү отургузуу жумуштары аяктап, учурда курулуш иштери толук эмес бүтɵ элек имараттарга экскурция жүргүзүп, курулуш бөлүмүнүн адистери менен жолугушуу өткөрүп, кызыккан суроолоруна жооп ала алды.

Окуу жайынын курулуш департаментинин курулуш иштери боюнча долбоорлор бөлүмүнүн менеджери Н.Карсон шаар мэрине окуу жайынын курулуш иштеринин алкагында түшүндүрмө берди.

Учурда Борбордук Азия Университетинде 300дөн ашык жумушчу иштеп келет. Жумушчулардын 50% жергиликтүү тургундар.

Жолугушуу учурунда окуу жай алгачкы студенттерин 2016-жылдын 1-сентябрында кабыл алаары белгилүү болду.

 

 

Добавить комментарий