БОРБОРДУК БАЗАРДЫ ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ АРАКЕТТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА.

Нарын шаарында борбордук базарды ирээтке келтирүү иштери улантылууда.

Шуллер жана С. Орозбаков кɵчɵлɵрүнүн боюнда жашылча-жемиш саткан соодагерлер үчүн «Абдрай Ата» базарынан орун берилип, ишкерлерди белгиленген орунга киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдɵ.

Коомдук жайды ирээтке келтирүү тартибине баш ийбеген соодагерлерге Бузуулар кодексинин беренелерине ылайык айып пул салынаары эскертилет.

Добавить комментарий