БОРБОРДУК ЧѲЛКѲМ КѲӉҮЛ БОРБОРУНДА

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун шаар тургундары менен жолугушуусу, бүгүн, Борбордук чɵлкɵмдɵгү иш чара менен жыйынтыкталды.

Шаар мэри жасалган иштерге токтолуу менен катар быйыл базардын тегерегин жана автоунаа токтоочу жайларды ирээтке келтирүүгɵ ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурулаарын, буюрса түрк инвесторлорунун колдоосу менен 250 орундуу бала бакча салынаарын, ЕББРдин таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоору улантылаарын белгиледи.

Аталган аймактын тургундары шаар жетекчисине бала бакчалардын жетишсиздиги, Чоӊ-Алыш кɵчɵсүнɵ таза суу чыгаруу зарылдыгы, мугалимдерди турак-жай менен камсыздоо маселеси сыяктуу бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алышты.

Жыйында прокуратура кызматкери тарабынан жаӊы кабыл алыган кодекстер боюнча да маалымат берилди.

Добавить комментарий