БУЗУУЛАР КОДЕКСИНИН БЕРЕНЕЛЕРИ БОЮНЧА МЫЙЗАМ БУЗГАНДАРГА АЙЫП ПУЛДАР САЛЫНА БАШТАЙТ

Кечээ, 2-майда Нарын шаардык мэриясында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнɵ кирген Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлерине дагы бир ирет түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып пул салуу боюнча протоколдор таратылып берилди.

Белгилей кетсек, Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары Бузуулар кодексинен 27 берене боюнча бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароого укугу бар. Алар: Кɵп батирлүү турак-үйлɵрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин ɵзүм билемдик менен пайдалануу (66-б); Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, ɵрттɵɵ (71-б); Суу түтүгүнүн, канализациянын жана борбордук жылытуу тутумунун инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу (72-б); Жылытуу системасынын ысык сууну (жылуулук булагын) ɵзүм билемдик менен алуу (76-б); Бɵлүнүп берилген же бекитилген жер тилкесин ɵзү билемдик менен кеӊейтүү (96-б); Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу (293-б); Ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, отчетторду берүү тартибин бузуу (294-б) жана башка беренелер.

Аталган беренелер боюнча бузууларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын эскертүү жана айып пул түрлɵрү аркылуу чаралар колдонулат.

Иш чарада Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Улан Жаанбаев, Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүнүн кызматкери Азамат Осмонов, Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Жамгырчы Дɵɵлɵтбаев тарабынан Бузуулар кодексинин тиешелүү беренелери боюнча айып пулдарды салуунун теориялык жана практикалык жактары тууралуу маалыматтар берилди.

Нарын шаарындагы физикалык жана юридикалык жактарды мыйзам талаптарын бузбоого чакырабыз.

Эгерде мыйзам бузуулар болсо Бузуулар кодексинин талаптарына ылайык айып пулдар салына баштамакчы.

 

Добавить комментарий