БЫЙЫЛКЫ ЖАЙДА НАРЫН ШААРЫНДАГЫ МЕКЕМЕЛЕР КОРООЛОРУНА АР ТҮРДҮҮ ГҮЛДӨРДҮ ӨСТҮРҮШТҮ

Быйылкы жайда Нарын шаарындагы айрым мекеме, ишканалар короолоруна  түрдүү гүлдөрдү өстүрүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин арасында жашылдандыруу, гүл өстүрүү боюнча  сынак  жарыяланган.  Медициналык кызматкерлер фантазияларына жараша гүлдөрдүн түрүн отургузуп, аларга камкордук көрүп келишет.

Бул шыктандыруучу иш-чаралар жеке эле Нарын облустук больницасынын айлана тегерегине көрк бербестен, шаарыбызга да кооз, жагымдуу көрүнүш тартуулап келет.

Ал эми Нарын шаарындагы №4 “Наристе-Нур” балдар бакчасы да өзүнө тийиштүү короосуна жана бош аянттарга туркүн түстүү гүлдөрдү өстүрүп,чыгармачылык менен кооздоп койгон.

Добавить комментарий