Быйыл Нарын шаарын жарык, жашыл, таза шаарга айландырууга ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурулат.

Бул боюнча бүгүн «Таза Нарын» ишканасынын отчеттук жыйынында маалымдалды.

Жыйында ишкананын 2017-жылдын ичинде аткарган иштери тууралуу шаар жетекчилигине кеӊири маалымат берилип, алдыдагы пландар,  кɵйгɵйлүү маселелер ортого салынды.

Бүгүнкү күндɵ «Таза Нарын» ишканасыда 107 кызматкер эмгектенет. Жыл ичинде ишкана тарабынан 36 миӊ метр куб таштанды чыгарылган. Шаар ичиндеги 220 таштанды жыйноочу жайларда 270тен ашык контейнерлер коюлган. Ушул түйүндɵрдɵн күнүнɵ 8 каттам менен жүк жүктɵлүп, ар бир каттам боюнча 3-4 рейстен таштанды ташылып, чыгарылат.

Мындан сырткары ишкана тарабынан шаар ичиндеги асфальт жолдор күнүгɵ жуулат. Майрам күндɵрү борбордук аянт жасалгаланат. Кɵчɵлɵргɵ шагыл тɵгүлɵт. Жол белгилери, түнкү чырактар орнотулат.  Кыш мезгилинде кɵчɵ кесилиштерине туз себилет. Жолбун ит-мышыктар атылат. Шаардын ичин кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу иши да аталган ишкананын негизги милдеттеринен. Арыктар тазаланат. Негизинен шаардагы кыймылдын баарын ушул ишкана жүзɵгɵ ашырат.

Ишкананын кызматкерлери аткарылган иштерге токтолуу менен бирге имаратка капиталдык ремонт зарылдыгы, айлык акынын аздыгы, жумушчуларга бир маал ысык тамак берүү зарылдыгы, коомчулуктун таштандыга болгон маданиятсыз мамилеси сыяктуу бир катар кɵйгɵйлүү маселелерди да билдиришти.

Жыйында ишкананын ишине Нарын шаарынын мэри тарабынан жогорку баа берилди. Ал ɵз сɵзүндɵ ишкананын кызматкерлерине ыраазылык билдирип: «Нарын шаарын кыймылдатып аткан сиздердин мекеме. «Таза Нарынды» шаардын тирүү организми деп койсок болот. Жергиликтүү бюджеттин 35 пайызын сиздерге беребиз. Иш жаман эмес. Сырттан келген меймандар шаарыбыздын кɵрктүүлүгү, тазалыгы боюнча жакшы пикирлерди айтып атышат. Ушунун баарын сиздер жасап атасыздар. Шаарыбызды жарык, жашыл, таза шаарга айландырууга  быйыл ɵзгɵчɵ кɵӊүл буруубуз керек»,-деп белгиледи.  Ошондой эле быйылкы жыл Президентибиз тарабынан «Региондорду  ɵнүктүрүү жылы» деп белгиленгенин жана Ѳкмɵттүн пилоттук долбооруна Нарын шаары да киргизилгенин, мындан сырткары шаардын 150 жылдык мааракеси ɵткɵрүлɵɵрүн айтып, бул иштердин арты менен шаарыбыздын деӊгээлин кɵтɵрүп алуубуз зарылдыгын билдирди.

Мындансырткары шаар мэри «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлеринин айлык маянасын 15 пайызга кɵтɵрүү колго алынаарын айтты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

 

 

Добавить комментарий