Быйыл шаарда миӊге чукул жолбун иттер атылат – Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу оорулардын тарап кетишине бɵгɵт коюу жана алдын алуу максатында, жолбун иттердин санын азайтып жок кылуу боюнча иштер жыл сайын жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарынын мэринин буйругу менен мергенчилик чарба менен келишим түзүлүп, жолбун иттердин атылышы уюштурулууда.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 170 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп берилип, жакынкы күндɵрдɵ 1 миӊге чукул жолбун иттерди атып жок кылуу боюнча иштер башталат.

Нарын шаардык ички иштер бɵлүмү иттерди атып жок кылуу учурунда коопсуздугун сактоо боюнча мергенчилерге кɵмɵк кɵрсɵтɵт.Белгилей кетсек, былтыркы жыл үчүн 150 миӊ сом бɵлүнүп, 907 жолбун иттер атылып жок кылынган.

Добавить комментарий