Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы кɵмүр-отун кампаларында 460 тонна кɵмүр бар.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Эсентур Ѳмүралиев маалымдагандай, шаар боюнча 5 кампада жана кошумча 5-6 жерде кɵмүр сатылууда. Кɵмүрдүн 1 тоннасы 3300-3500 сомдон, ал эми 1 кап кɵмүр 180 сомдон болууда.

Кененирээк маалымат берсек, «Жаӊы-Жол» аймагында Б.  Аттокуровдун  короосунда 3500 сомдон 260 тонна, «РТС»  аймагында эски РТСтын короосунда 3300 сомдон 30 тонна, «Борбор» аймагында Ленин кɵчɵсү 104-даректе (откана) 3300 сомдон 20 тонна, «Ак-Коргон» аймагында Социалдык фонддун имаратынын жанындагы күркɵдɵ 3500 сомдон 2 тонна, «РТС» аймагындагы «Элдик» дүкɵнүнүн жанындагы күркɵдɵ 3500 сомдон 3 тонна кɵмүр сатыкта турат.

Мындан сырткары кошумча кɵмүр отуну сатылып жаткан жерлер бар. Алсак, «Ипподром» аймагында Ленин-Ак Мɵɵр №1 дарегинде, «Ак-Коргон» аймагында троллейбустун акыркы аялдамасында, Курулуш базарында, Ленин кɵчɵсү №112-үйдүн жанында, базарда кɵмүрлɵр сатылууда. Ошондой эле 4 автоунаа  менен шаар ичин кыдырып сатып жүргɵн жеке ишкерлерден да кɵмүр алууга болот.

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

Добавить комментарий