Бүгүнкү майрам ээлеринин таланттары чексиз, аларга дайыма камкордук кɵрүүгɵ ар бир жаран милдеттүү – вице-мэр С.Эсенаманова

Бүгүн Нарын шаарынын «Жаштар Ордосунда»  3-декабрь «Эл аралык майыптардын күнүнɵ» карата ɵткɵн иш-чара чоӊ салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Саат эртен мененки 9-00 дан баштап даталуу күн ɵтчү жайга майрам ээлери чогулуп, колунан чыккан  буюмдарын кɵргɵзмɵгɵ коюуп,  келгендерге тааныштырышты. Ага улай шахмат, шашки жана кол күрɵш оюндары боюнча жарыштарга ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кызыгуу менен биринин аркасынан бири катышып, жеӊишке умтулуп жатышты.

Андан соӊ ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күчү менен даярдалган чоӊ программадагы кайрымдуулук концерт берилип, анда улуу-кичүү дебей ɵз ɵнɵрлɵрүн кɵрсɵтүп, элге жагымдуу маанай тартууланды.

Майып адамдарды Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү, шаардык мэриянын, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин жолдошуп, ала келген сыйлык, белектерин тапшырышты.

Ал эми шаардын вице-мэри С.Эсенаманова, бүгүнкү майрам ээлеринин таланттары чексиз экендигин айтып, аларга дайыма камкордук кɵрүүгɵ ар бир жаран милдеттүү экендигин белгиледи.

Ошону менен бирге ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  колдоо кɵрсɵтүп, таалим-тарбия берүүгɵ кошкон зор салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн «Кадам», «Аруу-Тилек» реабилитациялык борборлоруна, «Алтын- Сырга» кризистик борборуна, «Баястан», «Медер-Шер» ɵкмɵттүк эмес уюмдарына, «Үмүт-Кутман», «Ѳмүр-Шамы», «Күн-Чырак», «Насип-Кайып» коомдук бирикмелерине ыраазычылык каттарын, концерттин катышуучуларына, жарыштардын жеӊүүчүлɵрүнɵ атайын белектерди тапшырды.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан аталган иш-чараны уюштуруп, ɵткɵрүүгɵ, жеӊүүчүлɵрдү сыйлоого 20 миӊ сом акча каражаты каралган.

Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 93 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп, 310 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга материалдык жардам кɵрсɵтүлдү.

Белгилей кетсек, иш чаранын башынан аягына чейин кайрымдуулук кутучасы уюштурулуп, эч ким кыя ɵтпɵй колунан келген жардамын кɵрсɵтүп жатты.

Ал эми маалымат үчүн айтсак, Нарын шаары боюнча 2260 майып адамдар каттоодо турат.

Добавить комментарий