Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү

Иш чара борбордук аянтка Нарын облустук медициналык, Кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун, спорт кызматкерлеринин, студенттердин, мектеп, балдар бакчаларынын мугалимдеринин жана окуучулардын, “Кызыл Жарым Ай” коомунун өкүлдөрүнүн чуркап келүүсү жана автоунаалардын жүрүшү менен башталды.

Ал эми шаардын 8 орто мектептеринен аянтка келген окуучулар “Кургак учукту токтотобуз”, “Дени сак улут — дени сак мамлекет”, “Кургак учук айыгат” деген ураандарды көтөрүп, кайра-кайра жалпы тобу менен чакырыктарын жар салып кайталап жатышты.

Ошондой эле каалочулар арасында кросс-аралыкта чуркоо мелдеши уюштурулду.

Иш чаранын соңунда “Кургак учукка каршы күрөшүү” аталыштагы темада мыкты дил баяндар жана чакырыктар сынагынын, кросстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, акция убагында шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо чаралары көрүлүп, жол кыймылы убактылуу токтотулду.

 

Добавить комментарий