Бүгүн Нарын шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик-жеке ɵнɵктɵштүктү ɵнүктүрүү боюнча окутуу жүргүзүлдү.

Семинардын катышуучуларына мамлекеттик-жеке ɵнɵктɵштүк долбоорлорду ишке ашыруунун жол-жоболору, шарттары кеӊири маалымдалып, инвестициялык долбоорлорду жазуунун механизмдери үйрɵтүлдү.

Окутууну Кыргыз Респубикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча агенттигинин Мамлекеттик-жеке ɵнɵктɵштүктү ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн башчысы Данияр Абдылдаев жүргүздү.

Анын айтымында, мамлекеттик-жеке ɵнɵктɵштүк дүйнɵлүк тажрыйбада жакшы кɵрсɵткүчтɵргɵ ээ болгон механизмдердин бири. Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын бюджети ар дайым тартыш. Ошондуктан жеке ɵнɵктɵштɵрдү тартуу менен каржы булагын таап, ал аркылуу бардык тармактагы кɵйгɵйлɵрдү чечүүгɵ болот. Инвестиция кылчу тараптар тендер аркылуу келгендиктен коррупциялык элементтердин алдын алат.

Белгилей кетсек, бул окутуу Эл аралык республикалык институт менен Нарын шаардык мэриясынын кызматташуусунда ишке ашып жаткан Натыйжалуу башкаруу программасынын алкагында уюштурулган. Каржылык колдоо жагы Демократияны колдоо улуттук фонду тарабынан жүргүзүлгɵн.

Эл аралык республикалык институттун ɵкүлү Гүлжан Мамадиева билдиргендей, бүгүнкү семинарда катышуучулар айрым долбоорлордун болжолдуу варианттарын жазып үлгүрүшɵт. Шаар мэринин ɵтүнүчү менен буга чейин дагы муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүнү жакшыртуу боюнча бир катар семинарлар ɵткɵрүлгɵн.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

 

Добавить комментарий