Бүгүн Нарын шаарындагы таштанды аралап кароосуз жүргɵн уй, жылкылар камалып, мал ээлерине айып пул салынды.

Кийинки мезгилде бул маселе шаардын коомчулугу тарабынан кызуу талкууланып жаткан эле.

«Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери эртеден кечке  шаардын «РТС», «64», «Московский» жана «Борбордук»  чɵлкɵмдɵрүндɵ таштанды аралаган 9 жылкыны жана 50гɵ жакын уйларды камады.

Андан соӊ мал ээлери чакырылып, акт түзүлүп, экологиялык-техникалык инспекция кызматы тарабынан айып пулдар салынды.

Бул иш мындан ары күн сайын улантыла бермекчи.  Мал ээлери ээн жүргɵн малын кɵзɵмɵлдɵбɵсɵ шаардык мэриянын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиясына сунушталып, чара кɵрүлɵт жана айып пулдун ɵлчɵмү ɵсɵт.

Андыктан бардык шаар тургундарына малды кароосуз калтырбоо, кɵчɵ аралатып бош койбоо зарылдыгын маалымдайбыз.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.  

 

Добавить комментарий