Бүгүн Нарын шаарында жалпы ишембилик ɵтүп жатат.

Нарын шаардык мэриясы облустун борборун тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү боюнча жарыяланган эки айлыктын жана 2014-жылдын алгачкы ишембилиги ɵтүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

 

Бүгүнкү ишембиликтин максаты – кышы менен жаткан жалбырактарды, таштандыларды чыгарып, арыктарды тазалоо. Шаар аймагында таштандыларды тазалоону уюштуруу аркылуу шаардыктардын көңүлүн буруп, шаарды таза сактоо маданиятын жогорулатуу.

Мындай демилге ар тараптан колдоого алынып, шаар тургундары ɵз короо-жайларын, жашаган жеринин  айланасын тазаласа, мекеме-ишканалар эки  айлыктын алкагында бекитилген тилкелерди тазалоого чыгып, эс алуу бакчаларды, кɵчɵлɵрдү  ирээтке  келтиришүүдɵ.

Ал эми Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов өзү чакырык таштап,   шаардын таза болушуна кайдыгер эмес караган мекеме, ишканаларды, шаар тургундарын ишембиликке активдүү катышып берүүгө үндөдү. Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлчүлүгүнүн аппараты да четте калбай, жалпы жамааты менен Р.Ѳмүрова атындагы паркты тазалашты.

Ишембиликтен чогулган таштандыларды чыгарууга 16 автотехника жана 2 трактор тартылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү ишембиликке ар кайсы мекемелерден жана шаар тургундарынан болуп 2 миңден ашуун адам катышты.

 

Добавить комментарий