Бүгүн Нарын шаарында КР мамлекеттик туу күнү менен утурлай Ак калпак күнү белгиленүүдө

Калпак — бул кыргыздын кийимдеринин ичинен кастарланып кийилүүчү ыйык мүлк, улуттук асыл дөөлөттөрүбүздүн бири. Ак калпакты кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун,  улуулуктун,  тазалыктын символу, ыйык белгиси катары баалап, көрк катары той-топур, салтанаттарда кийип келишкен.

2011-жылдан бери, 5-март «Ак калпак күнү» катары белгиленип келет. Маданият ишмерлеринин бул күндү белгилɵɵ боюнча демилгеси коомчулук тарабынан, өзгөчө жаштар арасында жылуу кабыл алынып, аны белгилɵɵнүн максаттарынын бири  кыргыз элинин улуттук маданиятын жайылтуу, салттык баалуулуктарды сактап калуу болуп эсептелет.

Добавить комментарий