Бүгүн Нарын шаарында таза сууга жана тазалыкка болгон тɵлɵмдɵрдүн тарифин жогорулатуу боюнча коомдук угуу болду.

Жыйынга шаар жетекчилиги, шаардык кеӊештин депутаттары жана коомчулук катышты.

Коомдук угууда «Нарын суу-канал» жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчилери Нурлан Максүталиев жана Эмилбек Чымылдаков тарабынан таза, ыплас сууларга, таштандыга болгон тарифтерди 4 сомго кɵтɵрүп берүү сунушу коюлду. Кɵбɵйгɵн каражат менен жумушчулардын айлык акысы кɵбɵйтүлɵɵрү, иштин сапаты жакшыртылаары айтылды.

Мисалы, кɵп кабаттуу жана үйүнүн ичинен суу чыккан, канализациясы бар тургундарга 1 адамга 1 айга таза суу үчүн 19 сом 60 тыйын тɵлɵм алынса, жаӊы тариф менен 23 сом 72 тыйын, ыплас сууга 19 сом болсо, эми 23 сом тɵлɵм алынуусу күтүлүүдɵ. Ал эми үйүнүн ичинде суусу бар, бирок канализациясы жок тургундар 1 адамга 1 айга 19, 41 сомдун ордуна 23,72 сом, кɵчɵдɵгү колонкадан суу алгандар 4, 25 сомдун ордуна 8, 30 сом,  коммуналдык бюджеттеги мекемелер 1 м/куб суу үчүн 18 сомдун ордуна 21 сом, чарбалык эсептеги мамлекеттик жана менчик ишканалар 19 сомдун ордуна 23 сом тɵлɵп калышат.

Таштанды үчүн тариф мурда 8 сом болсо эми 12 сомго кɵтɵрүлɵɵрү сунушталууда.

Жыйында ар кандай коомдук пикирлер айтылып, жаӊы тарифке айрымдары каршы болсо, кɵпчүлүгү макул экендигин билдиришти. Ошондой эле «Нарын суу-канал» ишканасынын дарегине бир катар сын-пикирлер айтылды.

Жыйынды алып барган Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргал Ботоканов мындай коомдук угуулар дагы болоорун, андан кийин бул маселе сессияда каралаарын билдирди.

Коомдук угууга катышкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов биздеги тɵлɵмдɵр башка шаарларга салыштырмалуу аз экенин, булар ɵзүн ɵзү каржылаган ишканалар болгондуктан тарифтерди кɵтɵрүүгɵ муктаж болуп жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле тургундарды шаардын 150 жылдык мааракесин ɵткɵрүүгɵ салым кошуп, айлана тегерегин, үйлɵрүнүн сырттарын тазалап, кɵрктɵндүрүүгɵ чакырды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

 

Добавить комментарий