Бүгүн Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова шаардагы маданият мекемелеринин жылдык отчетун укту.

Жыйында шаар жетекчилиги тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерге баа берилип, жетишкендиктер жана кемчиликтер, алдыдагы пландар, кɵйгɵйлүү маселелер туурасында талкуу жүрдү.

Шаардык китепканада негизги кɵйгɵй катары китеп сактоочу жайдын полун алмаштыруу зарылдыгы, филиалдардын имараттарынын тардыгы, компьютердик технологиялар боюнча адистик штаттын жетишсиздиги айтылды.

Ал эми Ж. Шералиев атындагы искусство мектебиндеги маселе-ата-энелерден чогултулуучу  тɵлɵм жыл сайын ɵсүп, ата-энелердин нааразылыгын жаратып жаткандыгы болууда. Себеби Ѳкмɵттүн 1996-жылдагы токтомуна ылайык, музыкалык жана искусство мектептеринде окуган окуучулардын ата-энелеринен чогултулуучу тɵлɵм ар жылы минималдык айлык акыга жараша  шаардык жана айылдык пайыз менен ɵсүп турат. Мисалы, былтыркы жылы фортепиано бɵлүмүндɵ ар бир окуучуга 570 сомдон тɵлɵм алынса, быйылкы жылы 610 сом болуп кɵбɵйɵт. Анын үстүнɵ аймактык ɵзгɵчɵлүктɵр эске алынбай, Нарын шаары Бишкек, Ош шаарларынын пайызы менен теӊелип калган.

Жыйында жогорудагыдай жана башка бир катар маселелер ортого салынып, чечүү жолдору талкууланды.

Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова бардык маданият мекемелерин бир муштумдай биригип иштешүүгɵ чакырып, шаардын түптɵлгɵндүгүнүн 150 жылдык мааракесин жогорку деӊгээлде ɵткɵрүп алуу быйылкы жылдын негизги милдеттеринен экендигин белгиледи.

Мындай отчеттук жыйындар бардык тармактар боюнча өткөрүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

Добавить комментарий