Бүгүн Нарын шаарынын күнү белгиленди

 

Бүгүн 19-сентябрда, Нарын шаарынын «Теӊир-Тоо» аянтында, Теӊир-Тоонун борбору — Нарын шаарынын туулган күнү экинчи ирээт белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Салтанаттуу иш чараны мэрдин милдетин аткаруучу А.Суранов ачып, шаар тургундарын Нарын шаарынын негизделишинин 146 жылдыгы, туулган күнү менен куттуктады. Улуу Жибек жолунда орун алып, бай тарыхы, кайратман жана күжүрмɵн эли бар Нарын шаарынын ээлеген орду зор экенин, ошондой эле шаар жылдан жылга жаӊыланып, социалдык жана экономикалык жактан туруктуу ɵнүгүп бара жаткандыгын жана ал иштерди ишке ашырууда, шаардыктардын эмгеги чоӊ экенин белгилеп ɵттү. Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев дагы ɵзүлɵрүнүн майрамдык каалоо-тилектерин жолдошту.

Туулган күнгɵ арналган чакан иш чарада окуучулар арасында ɵткɵрүлгɵн «Менин сүйүктүү шаарым» темасына дил баян жазуу, сүрɵт кɵргɵзмɵсүнүн жана асфальтка сүрɵт тартуу конкурстарынын жыйынтыктары чыгарылып, жеӊүүчүлɵр атайын белектер менен сыйланышты.

Мындан сырткары майрамдын кɵрүүчүлɵрү ролик жана велосипед тепкен окуучулардын жүрүшүнɵ, Нарын шаарынын кечээкисин жана бүгүнкүсүн чагылдырган стендке, ошондой эле шаардык маданият бɵлүмү, балдардын искусство мектебинин кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программага күбɵ болушту.

Белгилей кетсек, былтыр Нарын шаарынын 145 жылдык мааракеси белгиленген эле. Эми ар жылы сентябрь айынын 17си, облусубуздун ордосу — Нарын шаарынын негизделген күнү катары белгилене бермекчи.

 

 

 

Добавить комментарий