Бүгүн, 15-февралда Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 27 жылдыгы Нарын шаарында белгиленди.

IMG_6944 IMG_6951Бүгүн, 15-февралда  Советтик жоокерлердин Афган жергесинен  чыгарылгандыгынын 27 жылдыгы Нарын шаарында белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Аталган  датага карата шаардагы Ж.Акималиев атындагы паркта митинг-реквием болуп ɵттү. Анда парктагы Афган согушунда, Баткен окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюулуп, куран окулуп, эскерүү залптары атылган соӊ, митингди Нарын шаарынын биринчи вице-мэри А. Суранов  ачып жатып, элибиздин жүрɵгүндɵ ɵчпɵс так калтырган бул согушка аттанган биздин чакан шаарыбыздан эле 100дɵн ашык боордошторубуздун ичинен 2ɵɵ Афган жеринде курман болушуп, 9у ɵз жерине келгенден кийин кɵз жумушканын  белгилеп ɵттү. Ошол согушта берген антын бек сактаган, өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этебиз! Элибиз өз баатыр уулдарын унутпайт. Алардын жаркын элестери ар дайым жүрөктүн тереңинде сакталып турат,-деп сɵз сүйлɵп, жоокерлерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана дүйнɵдɵ тынчтыкты каалады.

Иш-чарага катышкан Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн биринчи орун басары К. Асизов,  шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү афганчы-жоокерлерге мындан аркы жашоосунда чоӊ жетишкендиктерди каалап, кайгы аркылуу жеткен кубанычтуу күн менен куттукташып, чакан сыйлыктарын тапшырышты.

Жыл сайын 15-февралга карата Нарын мэриясы афганчы-жоокерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бɵлүп, алардын үй-бүлөлөрүнө даректүү социалдык жардам көрсөтүп келет.

Бул датанын алкагында шаарыбызда тематикалык кечелер, каармандык-сабактар, мындан тышкары маданий жана спорттук иш чаралар өткөрүлүп, каза болгон жоокерлердин жаркын элестери эскерилип келет.

Белгилей кетсек, шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгында 46 афган согушунун жоокерлери каттоодо турат, анын ичинен 3 Афган согушунун майыбы, 2 курман болгон жоокерлердин үй-бүлɵсү.

IMG_6933 IMG_6943 IMG_6961

Добавить комментарий