БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП ЖАНА АВТОРДУК УКУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын шаардык, Ж. Коңурбаева атындагы китепканада бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгилденди.  Иш чарага Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова жана студенттер, окуучулар жана китепкана кызматкерлери, акындар  катышышты.

Китепкананын китеп текчесин толуктаган адабияттар, жыйнактар жана балдар китептеринин көргөзмөсү болуп, жаш акындар өз чыгармаларынан көркөм окуп, окуучулар улуу жазуучулардын ырларын көркөм айтып беришти. Мындан сырткары #4 Э. Ибраев атындагы орто мектебинин кенже классынын окуучулары жомок коюп беришти.

“Окуучулар, жаштардын ушундай иш чараларга катыштырып, китеп окууга үндөө учурдун талабы. Бүгүнкү иш чарага катышкан окуучулар жакшы маалыматтарга ээ боло алышты деп ойлойм жана мындан ары да китепкана менен тыгыз байланышта болууга чакырам.”- деди Н. Жумакадырова.

Иш чара шаардык маданият бөлүмүнүн чакан концерттик номерлери менен жыйынтыкталды.

 

Добавить комментарий